Akchabarsearch
Чүйдүн Садовое айылындагы мектеп 170 млн сомго оңдолууда

Жарыяланган

2026-05-08, 15:26

Чүйдүн Садовое айылындагы мектеп 170 млн сомго оңдолууда

Чүй облусунун Садовое айылындагы Иса Укуев атындагы мектеп республикалык бюджеттин эсебинен 170 млн сомго капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, бардык инженердик тармактар толугу менен алмаштырылууда. Ошондой эле көмүр менен иштеген жаңы жылытуу системасы орнотулду. Учурда мектептин сырткы фасады жасалууда.

Мектептин окуу класстары, лабораториясы, китепканасы, ашканасы, жыйындар залы жана спорт залы заманбап талаптарга ылайык оңдолуп жатат.

Министрлик белгилегендей, мектептин имараты союз мезгилинде курулуп, ошондон бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүүдө. Буга чейин 504 окуучуга ылайыкталган мектепте жыйындар залы менен спорт залында тиешелүү шарттар жок болгондуктан, алар пайдаланылган эмес.


Тектеш материалды окуу