
Жарыяланган
2025-12-12, 15:21Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуулар, биргеликте ири долбоорлорду ишке ашыруу жана бир катар маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Анда Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ишке ашыруу мерчемделген “Борбордук Азия-Азербайжан жашыл энергетика коридору” долбоору, Кыргызыстанда “Технологиялар жана жашыл демилгелер боюнча аймактык борборду түзүү” демилгеси, кубаттуулугу 1305 МВт, жылдык өндүрүшү 3317 млрд кВт/саат Казарман ГЭС каскады жана кубаттуулугу 1305 МВт, жылдык өндүрүшү 3317 млрд кВт/саатты түзгөн Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадынын долбоорлору талкууланды.
Таалайбек Ибраев Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактары – гидроэнергетика, күн, шамал, биоресурстар чөйрөсүндө зор потенциалга ээ экендигин белгиледи.
Ошону менен бирге Ибраев кыргыз көмүрүнүн сапатынын жогору экенине токтолуп, Түркия мамлекети менен көмүр тармагында кызматташуу боюнча сунушун билдирди.
Бул сунушка Алпарслан Байрактар мындай жогору сапаттагы көмүр запасы Кыргызстанда бар экендигин билбегенин айтып, алдыда кызматташууга даяр экенин билдирди.



