
Жарыяланган
2025-08-12, 15:01Бишкек жылуулук электр борборунун кампаларында азыр 243.65 миң тонна көмүр бар. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Ал эми 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилин толук өткөрүү үчүн жалпысынан 1.4 млн тонна көмүр талап кылынат.
Учурдагы көлөм керектүүнүн 17%ына же болжол менен алтыдан бир бөлүгүнө туура келет.
Мэрия көмүр жеткирүү бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын жана жылытуу сезону аяктаганга чейин уланарын билдирди.



