Akchabarsearch
Бишкектеги көмүр базаларында 13 миң тоннадан ашык көмүр бар

Жарыяланган

2026-29-10, 15:17

Бишкектеги көмүр базаларында 13 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бишкектин төрт районундагы көмүр базаларында жалпы 13 миң 190 тонна көмүр бар. Анын бир тоннасы түрүнө жараша 7 миңден 8 миң сомго чейин сатылууда.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Ленин районунда 5 миң 370 тонна көмүр камдалган. Бул райондо «Кара-Кече» жана «Мин-Куш» көмүрүнүн тоннасы 7 миң сомдон, ал эми «Шабыркуль» 7 миң 800 сомдон сатылууда.

Свердлов районундагы 9 көмүр базасында жалпы 5 миң 550 тонна көмүр бар. «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 7 миң сом, «Шабыркуль» 7 миң 800 сом турат.

Октябрь районунда 1 миң 713 тонна көмүр бар. Мэриянын маалыматына ылайык, райондогу бардык сатуу түйүндөрүндө көмүр жетиштүү.

Ал эми Биринчи май районунда 557 тонна көмүр камдалган. Бул жерде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 7 миң сом, «Мин-Куш» 8 миң сом, «Шаргунь» 7 миң 600 сомдон сатылууда.

Көмүр базаларынын даректери Бишкек мэриясынын сайтында жарыяланган. Шаардык кызматтар көмүрдүн запасына жана баасына көзөмөл жүргүзүүдө.


Тектеш материалды окуу