Akchabarsearch
Эркештамда 430 млн долларлык кыргыз-кытай ири долбоору башталды

Жарыяланган

2026-20-05, 16:29

Эркештамда 430 млн долларлык кыргыз-кытай ири долбоору башталды

Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен ири долбоорунун башталышына арналган салтанат өттү. Иш-чарага энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов катышып, долбоорго расмий старт берилди.

Долбоор Кыргызкөмүр менен Кытайдын Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., Ltd компанияларынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылууда. Жалпы инвестициянын көлөмү 430 миллион долларды түзөт.

Долбоордун негизги максаты — Текелик көмүр кенинен казылган көмүрдү Эркештам өткөрмө бекети аркылуу экспортко чыгарууну жеңилдетүү. Бул үчүн Нура айылында 10 гектар аянтка заманбап логистикалык борбор курулат. Анын курамында көмүрдү байытуучу эки фабрика жана көмүр ташуучу конвейердик система болот.

Долбоор толук ишке ашкандан кийин жылына 10 миллион тоннага чейин көмүр ташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биринчи этапта 50 миллион доллар бөлүнүп, узундугу 7,7 чакырым болгон конвейер курулат. Кийинки этаптарда анын жалпы узундугу 157 чакырымга чейин жетет.

Долбоордун алкагында 100дөн ашык туруктуу жумуш орду түзүлөт. Бул жергиликтүү тургундарды иш менен камсыз кылууга жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, долбоор Кыргызстандын көмүр тармагындагы логистиканы жакшыртып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Ошондой эле Кыргызстанды аймактагы маанилүү транзиттик жана логистикалык борборлордун бири катары бекемдөөгө жардам берет.


Тектеш материалды окуу