Жарыяланган
2025-07-10, 15:47Талас облусунун Казакстан менен чектеш аймагында стратегиялык мааниге ээ болгон 4 га жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Белгилей кетсек, 29-сентябрда Таласта “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын аймакта Тараз – Талас – Суусамыр автожолунун боюндагы 1 миң 643 чарчы метр жер тилкеси дагы мамлекетке кайтарылган.
УКМК мыйзамсыз жер тилкелерди кайтаруу боюнча иштерди улантууда.