Жарыяланган
2025-15-10, 16:55Түп айыл аймагында 2 миң 319 гектар айыл чарба жери мыйзамсыз пайдаланылып келинген. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Бул жерлер тиешелүү документтери жок, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен аффилирленген жактар тарабынан расмий каттоосуз жана салыктар төлөнбөстөн иштетилип келген.
Анын ичинен 1 миң 876 гектар — сугат айдоо жери, ал эми 443 гектар — багара жери болгон. Бул мыйзамсыз колдонуу элдин нааразычылыгын жаратып, айыл чарбасынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген.
Аталган жерлер азыр мамлекеттик каттоого алынып, айыл аймагынын балансына өткөрүлдү.
Учурда тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.