Akchabarsearch
Сокулук районунда 243  млн сомдук объектилер мамлекетке кайтарылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-16-10, 15:57

Сокулук районунда 243 млн сомдук объектилер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылында «Шопоков» айыл чарба кооперативинин төрагасы З.У. мамлекетке таандык мүлктөрдү мыйзамсыз менчикке өткөрүп алган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

2017-жылы айыл өкмөтүнүн чечими менен 4.4 гектар көлмө жана мурдагы Шопоков колхозуна таандык клуб имараты «Шопоков» кооперативине берилген. Мындан тышкары, клубга чектеш 5 миң 135 чарчы метр жер да жеке менчик катары катталган. Бирок бул чечимдер 1995-жылдагы Президенттин социалдык объектилерди менчиктештирүүгө тыюу салган Указына каршы келет.

Текшерүүнүн жүрүшүндө З.У. бул иштерди айыл өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда, алдын ала сүйлөшүү аркылуу жүргүзгөнү аныкталган. Натыйжада мамлекетке жана элге чоң зыян келтирилген.

Кылмыш иши козголуп, З.У. камакка алынды. Ал клуб имаратын 0.5 гектар жери менен, 4.4 гектар көлмөнү (сугат үчүн колдонулган) айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берди.

Бул объектилердин базар баасы 243 млн 590 миң сом деп бааланууда.
 


Тектеш материалды окуу