
Жарыяланган
2025-04-11, 14:58Чүй облусунун Москва районунуна караштуу Петровка айылындагы «Кыргызмунайзаттын» Беловодск мунай базасы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 2004-жылы жалпы аянты 7.7 гектар болгон, 36 миң тонна мунай сактоочу резервуарлары бар база мамлекеттик кызматкерлердин сүйлөшүүсү аркылуу баасы төмөндөтүлүп, тиешелүү тендердик жол-жоболорду жүргүзбөстөн мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында мунай базасы кайрадан мамлекетке өткөрүлүп берилди.



