
Жарыяланган
2026-20-03, 11:09Талас шаары үчүн 30 электр автобус сатып алынат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Мэриянын маалыматы боюнча, электр автобустарды лизингге сатып алуу боюнча маселе шаардык кеңештин 19-марттагы кезектеги сессиясында каралып, бир добуштан колдоо тапкан.
Эскерте кетсек, быйыл февраль айында каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева Талас шаарына лизингге 30 электр автобус сатып алуу үчүн бюджеттен 180 млн сом берилерин айткан.



