
Жарыяланган
2026-16-02, 16:31Таласка жолдорду оңдоо жана электр автобустарын сатып алуу үчүн 1 млрд 90 млн сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинде билдирди.
Анын айтымында, Министрлер кабинетинин буйругу аталган комитетке бекитүүгө жөнөтүлдү.
“Талас мэриясына 1 миллиард 90 миллион сом бөлүнөт. Бул каражаттын 910 миллион сому шаар жолдорун капиталдык оңдоо жана курууга, 180 миллион сому лизингге 30 электр автобусун сатып алууга жумшалат", - деди ал.
Комитет Талас мэриясына мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүү боюнча Министрлер кабинетинин чечимине макулдук беришти.



