Akchabarsearch
Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Жарыяланган

2026-18-03, 17:29

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, тиешелүү токтом кабыл алынды.

Ага ылайык:

  • Бакыт Тентишев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланды;
  • Гульнара Акимбаева Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетти жетектемекчи;
  • Кубанычбек Самаков Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасы болду;
  • Ырысбек Атажанов Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланды.

Ошондой эле:

  • Жаныбек Аматов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
  • Гүлшаркан Култаева Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
  • Советбек Рустамбек уулу Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
  • Нуржамал Төрөбекова Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Тектеш материалды окуу