
Жарыяланган
2026-02-09, 13:29Бүгүн, 2-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Жыйында талапкерди Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындоого макулдук берип, тиешелүү токтом кабыл алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар тарабынан Максат Асаналиевди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматынан бошотууга макулдук берилген.



