
Жарыяланган
2026-18-03, 15:3818-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында финансы министри кызматына Руслан Сүйналиевдин талапкерлигин жактырышты.
Анын талапкерлигин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Буга чейин ал каржы министринин биринчи орун басары кызматын ээлеген.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Сүйналиевдин талапкерлиги депутаттар тарабынан бир добуштан жактырылды.



