
Жарыяланган
2026-13-03, 18:01Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттардын, мамлекеттик органдардын жана кризистик борборлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда кризистик борборлордун ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлөр талкууланып, аларды чечүү боюнча сунуштар айтылды.
Жыйын учурунда акыркы жылдары өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аялдар менен балдардын укуктарын коргоо багытында иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Ошол эле учурда өткөн жылдын алгачкы он айында 18 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, Кыргызстан боюнча болгону 17 кризистик борбор иштеп жатканы айтылды.
Кризистик борборлордун өкүлдөрү каржылоо маселеси курч экенин билдиришти. Былтыр бул багытка 28 млн сом каралса, быйыл анын көлөмү 15 млн сомго чейин кыскарганы белгилүү болду.
Жыйындын жыйынтыгында төрага тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, зарыл болгон учурда мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен кризистик борборлорду колдоо чараларын күчөтүүнү тапшырды.



