Жарыяланган
2025-15-10, 17:05Талас шаары желим идиш-аяктар менен баштыктардан баш тартууну көздөөдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Шаар бийлиги кабарлагандай, учурда Таласта желим идиш-аяктар менен баштыктарды колдонууга чектөө киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Мындан улам мэрия ишкерлерди тамак-ашты кагаз же башка экологиялык жактан таза таңгактарда сатууну сунуштайт.
Мэрия желим материалдардан баш тартуу жаратылышты таза сактоого өбөлгө түзө турганын белгилейт.