Akchabarsearch
Бишкекте 280 балага ылайыкташкан жаңы бала бакча ачылды

Жарыяланган

2025-15-10, 17:48

Бишкекте 280 балага ылайыкташкан жаңы бала бакча ачылды

Бишкек шаарынын Учкун конушунда жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты.

Эки кабаттуу имарат 140 балага ылайыкталган, бирок заманбап ыкмалардын аркасында 280 балага ылайыкташкан. Бала бакчада 12 тайпа бар:  кенже, орто жана даярдоо.

Имараттын жалпы аянты 1908 м², ал эми жер аянты 0.83 га. Бала бакча Чүй проспектиси менен Аксы көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. 

Мекемеде музыкалык бөлмө, спорт зал, медициналык кабинет, ашкана, кир жуучу жай, коммуналдык бөлмөлөр бар. Ар бир топ үчүн өзүнчө оюн аянтчалары каралган.

 


Тектеш материалды окуу