
Жарыяланган
2026-07-09, 09:45Талас шаарында 10-11-сентябрда базарлар менен соода жайлар иштебейт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, аталган эки күнү шаардагы борбордук базар, кийим-кече саткан дүкөндөр жана күркөлөр, курулуш материалдарын саткан дүкөндөр, вулканизациялар жана башка соода жайлары жабык болот.
10-11-сентябрда кафе жана башка тамактануучу жайлар, азык-түлүк саткан дүкөндөр гана иштейт.
Мэрия шаар тургундарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, өзүнө керектүү буюм-тайымдарды 1 алдын ала сатып алууну сунуштайт.
Эскерте кетсек, 11-12-сентябрда Таласта Кыргызстандын Эгемендигинин 35 жылдыгы майрамдалат.



