Akchabarsearch
Органикалык айыл чарба департаменти 78.8 млн сомго тендер жарыялады

Жарыяланган

2026-07-09, 10:44

Органикалык айыл чарба департаменти 78.8 млн сомго тендер жарыялады

Органикалык айыл чарба департаменти кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин имаратын оңдоого 78 млн 793 миң сомго тендер жарыялады.

Оңдоо иштери Бишкектеги Деповская көчөсү, 80 дарегинде жүргүзүлүп, жеңүүчү компания жумуштарды келишим түзүлгөндөн кийин 6–8 айдын ичинде бүтүрүшү керек.

Тендерге катышуу үчүн компаниянын кеминде эки окшош жумушту аткарган тажрыйбасы, тиешелүү лицензиясы жана квалификациялуу адистери болушу талап кылынат. Ошондой эле курулуш техникасы жана келишимдин суммасынын 30%ына чейин өз каражаты болушу керек.

Тендердик сунуштур 21-сентябрга чейин кабыл алынат.

Алдын ала төлөм каралган эмес. Аткарылган иштер кабыл алынгандан кийин 100% төлөм жүргүзүлөт.


Тектеш материалды окуу