
Жарыяланган
2026-03-09, 14:25Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы үч айылдын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө пландалууда. Бул үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталына 15 млн 323 миң сомдук тендер жарыяланды.
Тендерди Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү жарыялаган. Жол оңдоо иштери Алга, Эски Покровка жана Кызыл-Октябрь айылдарында жүргүзүлөт.
Тендерге катышкан компания ушуга окшош иштерди аткарган тажрыйбага ээ болушу керек. Ошондой эле тиешелүү лицензиясы, атайын техникасы же аны ижарага алганын тастыктаган келишими болушу шарт.
Иштер аяктагандан кийин жолдорго 1 жылдык кепилдик берилет. Кепилдик мезгилинде аныкталган кемчиликтер 15 күндүн ичинде оңдолушу керек.
Каражат алдын ала каралган эмес. Төлөм аткарылган иштер кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт.
Тендерге сунуштар 14-сентябрга чейин кабыл алынат.



