Akchabarsearch
Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылындагы көчөнү оңдоого тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-26-08, 09:36

Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылындагы көчөнү оңдоого тендер жарыяланды

Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылындагы Ленин көчөсүн оңдоо пландалууда. Бул үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталына 38 млн 398 миң 458 сомдук тендер жарыяланды.

Тендерге катышуу үчүн компаниялар 2024–2025-жылдардагы аудитордук отчетун, салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жок экенин тастыктаган документтерди, жана иш жүргүзүүгө лицензиясын тапшырышы керек.

Ошондой эле талапкерлер 2025-жылы тендердин суммасынан кем эмес көлөмдө иштерди аткарган болушу зарыл.

Тендерге сунуштарды берүү мөөнөтү 2026-жылдын 9-сентябрында аяктайт.

Жолду оңдоо иштери быйылкы жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, төлөм жергиликтүү бюджеттин жана Ысык-Көл фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Келишимдин кепилдик мөөнөтү 1 жыл деп белгиленген.
 


Тектеш материалды окуу