
Жарыяланган
2026-25-08, 17:14Ош облусунунун Гүлчө шаарындагы автовокзалды оңдоо үчүн 18 млн 495 миң 478 сомдук тендер жарыяланды. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөн.
Тендерди Гүлчө айыл өкмөтү жарыялаган. Ага катышууну каалаган компаниялар сунуштарын 8-сентябрга чейин бере алышат.
Талаптарга ылайык, подрядчынын тиешелүү лицензиясы, салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жок экенин тастыктаган маалымат кагазы болушу керек. Ошондой эле каржылык мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат талап кылынат.
Келишимдин шарттарына ылайык, подрядчыга 30% аванс берилет. Калган 70% каражат жумуштар кабыл алынгандан кийин төлөнөт.



