Akchabarsearch
Чоң-Сары-Ой айылындагы мектепке 68 млн сомго спорт зал курулат

Жарыяланган

2026-12-08, 12:07

Чоң-Сары-Ой айылындагы мектепке 68 млн сомго спорт зал курулат

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылындагы мектепке спорт зал куруу пландалууда. Бул үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталында 68 млн 64 миң сомдук тендер жарыяланды.

Тендерди Шайыбек ата айыл аймагынын айыл өкмөтү жарыялаган. Сунуштарды кабыл алуу 25-августта аяктайт.

Тендерге катышкан компаниялардан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экенин тастыктаган документтер, курулуш иштерине лицензия, каржылык абалы тууралуу банктык маалымкат жана буга чейин аткарган окшош иштеринин тажрыйбасы талап кылынат.

Тактап айтканда, компания акыркы жылдары кеминде 68 млн сомдук бир окшош келишимди аткарган болушу керек.

Курулуш аяктагандан кийин объектке 24 айлык кепилдик берилет. Кепилдик мөөнөтүндө аныкталган кемчиликтер подрядчы тарабынан 3 жумушчу күндүн ичинде оңдолушу керек.

Төлөм жумуштар толук аткарылып, объект кабыл алынгандан кийин 100% көлөмүндө жүргүзүлөт. Аванстык төлөм каралган эмес.


Тектеш материалды окуу