
Жарыяланган
2026-11-08, 10:58Эне жана баланы коргоо улуттук борбору онкология тармагында колдонуу үчүн хирургиялык робот сатып алууга тендер жарыялады. Анын баасы 209 млн 528 миң 714 сом деп белгиленген.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка ылайык, компаниялар өз сунуштарын 20-августка чейин бере алышат.
Робот Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсү, 190 дарегине жеткирилет. Жеңүүчү компания жабдууну келишим түзүлгөндөн кийин 90 күндүн ичинде алып келиши керек.
Тендерге катышкан компаниянын Бишкекте өзүнүн сервис борбору болушу талап кылынат. Ошондой эле анын сервис инженерлери тиешелүү сертификаттарга жана дипломдорго ээ болушу керек.
Компания буга чейин кеминде бир окшош келишимди аткарган болушу зарыл.
Жабдууга кеминде 12 айлык кепилдик берилет. Кепилдик учурунда көйгөй жаралса, аны үч күндүн ичинде оңдоо талап кылынат.
Төлөм жабдуу кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт. Тендерге катышуу үчүн компаниялар 1 млн 999 миң 999 сом өлчөмүндө кепилдик камсыздоосун бериши керек.



