Akchabarsearch
Тендер: 35 млн 750 миң сомго асфальт-битум сатып алуу үчүн тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-14-08, 09:00

Тендер: 35 млн 750 миң сомго асфальт-битум сатып алуу үчүн тендер жарыяланды

Жол чарба департаментинин алдындагы №36 жол эксплуатациялоо мекемеси 35 млн 750 миң сомго асфальт-битум сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендердик сунуштар 17-августка чейин кабыл алынат. Асфальт-битум Талас районунун Талды-Булак айылындагы Токтоболотов көчөсү, 32а дарегине жеткирилиши керек.

Тендерге катышкан компаниялардын ушуга окшош иштерди аткарган тажрыйбасы болушу зарыл.

Алдын ала төлөм каралган эмес. Каражат товар кабыл алынгандан кийин төлөнүп берилет.
 


Тектеш материалды окуу