Akchabarsearch
Ленин районундагы көчөлөрдү оңдоого 151.7 млн сомдук тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-24-08, 15:05

Ленин районундагы көчөлөрдү оңдоого 151.7 млн сомдук тендер жарыяланды

Ленин районундагы көчөлөрдү оңдоого 151.7 млн сомдук тендер жарыяланды
Бишкектин Ленин районундагы жолдор жана тротуарлар оңдолот. Бул үчүн шаардык мэриянын Ленин райондук муниципалдык администрациясы 151 млн 709 миң 964 сомдук тендер жарыялады.

Тендердик сунуштар 7-сентябрга чейин кабыл алынат.

Капиталдык оңдоо төмөнкү 10 тилкеде жүргүзүлөт:

•    Библиотечный көчөсү — 6.4 млн сом; 
•    Темирязев көчөсү — 9.5 млн сом; 
•    Алтымышев көчөсү — 26.5 млн сом; 
•    Айни көчөсү — 32.5 млн сом; 
•    Балтагулов көчөсү — 10.8 млн сом; 
•    Пушкин көчөсү — 30.5 млн сом; 
•    №4 шаардык оорукананын ички жолдору — 22.6 млн сом; 
•    №58 мектепке баруучу жолдор — 3.1 млн сом; 
•    Ахунбаев көчөсүндөгү тротуар — 7.5 млн сом; 
•    Турусбеков көчөсү — 1.8 млн сом. 

Жолдорду оңдоо иштери 40-60 календардык күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек.
Тендердин шарттарына ылайык, компаниянын тиешелүү техникалары, адистери жана ушуга окшош иштерди аткарган тажрыйбасы болушу керек.
 


Тектеш материалды окуу