Akchabarsearch
Өзгөндөгү жолдорду асфальттоо үчүн 29.8 млн сомго тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-02-09, 10:08

Өзгөндөгү жолдорду асфальттоо үчүн 29.8 млн сомго тендер жарыяланды

Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагындагы ички жолдорду асфальттоого 29 млн 857.6 миң сомдук тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Жалпысынан эки жолду асфальттоо пландалууда:

•    Кысык-Алма–Кенжебай көчөсү — 21 млн 4.8 миң сом;
•    Кенжебай–Алча-Башат көчөсү — 8 млн 852.8 миң сом.

Иштер келишим түзүлгөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде аткарылышы керек.
Тендерге катышкан компаниялардан тиешелүү лицензия, квалификациялуу адистердин сертификаттары, мурда аткарган окшош иштер боюнча тажрыйбасы жана керектүү техникасы болушу талап кылынат. 

Каражат 2027-жылы төлөнүп берилет. Ошондуктан компания асфальттоо иштерин өз каражатынын эсебинен 2026-жылдын октябрь-ноябрь айларына чейин толук бүтүрүүгө тийиш.

Тендерге сунуштар16-сентябрга чейин кабыл алынат.
 


Тектеш материалды окуу