Akchabarsearch
Травматология борборунун жаңы имаратынын курулушу быйыл бүткөрүлөт

Жарыяланган

2026-07-09, 11:26

Травматология борборунун жаңы имаратынын курулушу быйыл бүткөрүлөт

Бишкек шаарында салынып жаткан жаңы Улуттук травматология жана ортопедия борборунун курулушу быйыл бүткөрүлүп, ишке берилет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев борбордун курулуш иштерин көргөнү барганда билдирди.

Башкармалык билдиргендей, Травматология борборунун курулушу былтыр жазында башталган. Курулуш иштерине акча Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилген.

"Жаңы борбор 450–500 орунга ылайыкталып, Борбор Азиядагы мындай масштабдагы уникалдуу адистештирилген медициналык мекемелердин бири болот. Жарандарга медициналык жардам мамлекеттик кепилдиктердин алкагында акысыз көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Учурда имаратта ички жасалгалоо иштери, инженердик коммуникациялар жана бардык ички системаларды монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. 


Тектеш материалды окуу