Akchabarsearch
Таласта бир нече көчөнүн айрым бөлүктөрү оңдоо иштерине жабылды

Жарыяланган

2026-14-04, 11:49

Таласта бир нече көчөнүн айрым бөлүктөрү оңдоо иштерине жабылды

Талас шаарында 14-апрелден тарта бир нече көчөнүн айрым бөлүктөрү оңдоо иштерине жабылды. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Мэрия айдоочуларды бара турган жолун алдын ала пландап алууну суранат. 

Жабылган көчөлөр:

• Чыңгыз Айтматов көчөсү – Мырзалиевден Бердике Баатыр көчөсүнө чейин
• Атай Огонбаев көчөсү – Шеркуловдон Шамбетов көчөсүнө чейин
• Шамбетов көчөсү – Чыңгыз Айтматовдон Турдалиев көчөсүнө чейин
• Бердике Баатыр көчөсү – Алымкуловдон Чубак Сатаев көчөсүнө чейин

Мындан тышкары, Шеркулов көчөсүндө жол оңдоо иштери башталып, унаа кыймылы убактылуу жабылат.

Быйыл Талас шаарында жалпы 28.75 чакырым жолду асфальттоо пландалган.
 


Тектеш материалды окуу