Akchabarsearch
Мыйзам долбоору: Көчөгө таштанды ыргыткандар көчө тазалайт

Жарыяланган

2026-14-04, 16:06

Мыйзам долбоору: Көчөгө таштанды ыргыткандар көчө тазалайт

Кыргызстанда көчөгө таштанды ыргыткандарды коомдук жумушка тартуу жазасын киргизүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде биринчи окууда кабыл алынды. 

Укук бузуулар кодексине ылайык, айлана-тегерегин тазалабагандарга (114-берене), көчөгө таштанды ыргыткандарга же таштандыны өрттөгөндөргө (115-берене) эскертүү берилет же айып салынат. Эми аларга кошо коомдуу жумуштарга тартуу жазасын киргизүү сунушталууда. 

Сунушка ылайык, жаран көчөгө таштанды ыргытса, ага эскертүү берилет же айып салынат же болбосо коомдук жумуштарга тартылып, көчө тазалашы керек болот. 
 


Тектеш материалды окуу