Жарыяланган
2025-12-08, 15:09Таластын Айтматов районунда "Желмаян" электроциклин айдаган 32 жаранга айып салынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 11-12-августта райондо рейд жүрүп, анын жүрүшүндө "Желмаян" электроциклин айдап жүргөн 32 жаранга жол жана коопсуздук эрежелерин бузганы үчүн 1 миң сомдон айып салынган.
Ошондой эле "Желмаян" электроциклин өспүрүмдөргө айдаганга берүүгө болбой турганы эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.