
Жарыяланган
2025-23-12, 18:122026-жылдын 1-январынан тарта УКМК жана укук коргоо органдары тарабынан таза иштеген ишкерлерди негизсиз текшерүүлөр токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүйдөгү УКМКнын “Кызыл-Белес”эс алуу комплексинин ачылышында билдирди.
Анын айтымында, келерки жылы, мыйзамдуу иштеген ишкерлердин укугун коргоого, экономикалык эркиндик берүүгө артыкчылык берилип, ошол эле учурда мыйзамсыз иштеген ишкерлерге катуу чаралар көрүлөт.
Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшкө өзгөчө көңүл бурулат. Коррупция каршы күрөш бардык мамлекеттик органдарда, айрыкча финансы, энергетика, тоо-кен тармагында, калкты тейлөө борборлорундагы жемкорлукка каршы текшерүү иштери кызуу жүрөт.



