Akchabarsearch
Келерки жылдан тарта “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын билеттеринин баасы арзандатылат

Жарыяланган

2025-24-12, 09:49

Келерки жылдан тарта “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын билеттеринин баасы арзандатылат

2026-жылдын 4-январынан тарта Кыргызстанда “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын билеттеринин баасы арзандатылат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Анын айтымында, учурда билет баасы рыноктук принцип боюнча түзүлүп, жүктөмгө, мезгилге жана суроо-талапка жараша белгиленет. Билетти кеч алгандар үчүн ал кымбат сатылат. Мындан улам аба каттамдар туруксуз болуп, билет баасы көп жарандардын капчыгына туура келбей, алыскы аймактардын тургундары үчүн өзгөчө оор болууда.

Ошондуктан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен билеттин баалары арзандатылып, ар бир аймак үчүн так бир баа коюла турган болгон. Ал эми ортодогу айырма Турукташтыруу фондунун эсебинен жабылат. 

Билеттин баалары кандай өзгөрөт:

  • Бишкек – Талас аба каттамы: азыр 2100дөн 3100 сомго чейин болсо, эми 2100 сом болуп калат. 
  • Бишкек – Нарын аба каттамы: азыр 2100дөн 3100 сомго чейин болсо, эми 2100 сом болуп калат.
  • Бишкек – Кербен аба каттамы: азыр 3100дөн 4100 сомго чейин болсо, эми 3600 сом болуп калат.
  • Бишкек – Казарман аба каттамы: азыр 3100дөн  4100 сомго чейин болсо, эми 3100 сом болуп калат.
  • Бишкек – Баткен аба каттамы: азыр 3600дөн 5100 сомго чейин болсо, эми 4500 сом болуп калат.
  • Бишкек – Раззаков аба каттамы: азыр 3600дөн 5100 сомго чейин болсо, эми 4800 сом болуп калат.
  • Бишкек – Каракол аба каттамы: азыр 3100дөн 4600 сомго чейин болсо, эми 4000 сом болуп калат.
  • Ош – Каракол аба каттамы: азыр 5600дөн 6500 сомго чейин болсо, эми 5000 сом болуп калат.

Азыр Нарын, Талас, Казарманга аба каттамдар жумасына 1 жолу аткарылса, келерки жылдын 4-январынан тарта каттам аптасына 2 жолудан аткарылат.


Тектеш материалды окуу