Akchabarsearch
Ташкент – Ош түз аба каттамы ачылды

Жарыяланган

2026-02-04, 11:58

Ташкент – Ош түз аба каттамы ачылды

Ташкент – Ош түз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 

Аталган багыт боюнча биринчи учак 1-апрелде "Ош" эл аралык аэропортуна конгон. Ал менен Ошко 95 жүргүнчү келген. 

Аба каттамды өзбекстандык Centrum Air авиакомпаниясы аткарууда. Каттамдар жума сайын үчүнчү жана алтынчы күндөрү жүргүзүлүп турат. 

Мэриядан белгилешкендей, буга чейин Ташкент – Ош багыты боюнча түз аба каттам болгон эмес. 
 


Тектеш материалды окуу