Akchabarsearch
Тигүү тармагындагы ишкерлер үчүн салык төлөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилди
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-01-09, 10:10

Тигүү тармагындагы ишкерлер үчүн салык төлөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Текстиль жана тигүү тармагында жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу жана төлөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Эми аталган тармакта иштеген жеке ишкерлер 20-сентябрга чейин жумушчулары үчүн киреше салыгы жана социалдык камсыздандыруу боюнча STI–161 формасы менен ай сайын отчет тапшырууга милдеттүү.

Мындан тышкары, ишкерлер «Тигүү өндүрүшүнүн жеке ишкери» тарифин алуу үчүн жергиликтүү салык органына арыз менен кайрылышы керек.

Салык кызматы белгилегендей, тариф жумушчулардын акыркы камсыздандыруу полиси бүткөндөн кийин гана күчүнө кирет. Эгерде полис алдын ала алынган болсо, анда отчет полистин мөөнөтү аяктагандан кийин гана берилет.

Мамлекеттик салык кызматы эскертет:

•    Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары мурдагыдай бойдон калды;
•    Төгүмдөр отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин төлөнүшү керек;
•    Киреше салыгы боюнча отчет айдын 20сына чейин тапшырылат.

 


Тектеш материалды окуу