Akchabarsearch
Токтогул шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды

Жарыяланган

2025-06-10, 17:00

Токтогул шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды

Системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы боюнча – Токтогул шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Жарандардын көп жолку даттанууларынын кийин, Токтогул шаарынын Бала-Чычкан айылындагы «Нурпейилим» бала бакчасынын мурдагы башчысы «Т.Э.С.», Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен мекеменин адиси «А.К.Б.» жана «С.Д.К» кармалышты.

Алар балдарды мектепке чейинки мекемелерге кабыл алууда, кызматкерлерди ишке орноштурууда жана жетекчи кызматтарга дайындоо үчүн системалуу негизде опузалап акча талап кылышкан. 

УКМК билдиргендей, билим берүү тармагында коррупцияга каршы туруктуу иштер жүрүп жатканына карабастан, айрым кызмат адамдары мыйзам талаптарын этибарга албай, мыйзамсыз иш-аракеттерин улантышууда
 


Тектеш материалды окуу