Жарыяланган
2025-24-09, 13:07Кыргызстанда унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксаттын баасын убактылуу арзандатуу пландалууда. Тиешелүү токтом долбоорду Унааларды катоо боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Учурда тонировкага уруксаттын баасы бир жылга жарандар үчүн 50 миң сом, юридикалык жактарга 70 миң сом жана резиденттер эмес үчүн 90 миң сомду түзөт.
Тонировкага уруксат алууну каалагандардын саны көбөйбөгөндүктөн, буга чейин аталган агенттик 1-июндан 1-августка чейин акция өткөргөн. Анын алкагында каалоочуларга 100 миң сом төлөп, уруксатты үч жылга алууга мүмкүндүк берилген. Анын аркасы менен бюджетке кошумча 167.8 млн сом түшкөн. Бул акция өз "жемишин" бергендиктен, тонировкага уруксаттын баасын убактылуу түрдө бир айга 15 миң сомго арзандатуу пландалууда.
Сунушка ылайык, 15-октябрдан 15-ноябрга чейин тонировкага уруксаттын баасы жарандар үчүн 35 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом жана резиденттер эмес үчүн 75 миң сом болот.
Бул арзандатуунун аркасы менен уруксатты алууну каалагандардын саны көп болуп, бюджетке дагы кошумча акча түшөт деп пландалууда.
Учурда бул токтом долбоору коомдук талкууга гана чыгарылды. Азырынча күчүнө кире элек.