Akchabarsearch
Токтом долбоору: Жаран кайсы бир органын трансплантация үчүн керээз кылып калтырып кете алат

Жарыяланган

2025-05-12, 18:10

Токтом долбоору: Жаран кайсы бир органын трансплантация үчүн керээз кылып калтырып кете алат

Кыргызстанда жарандарга сөөгүн же өз органдарын трансплантация үчүн же илимий максатта колдонууга керээз кылып калтырууга жол ачуу пландалууда. Бул боюнча Саламаттык министрлиги даярдаган токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

Азырынча бул документ коомчулуктун сынына коюлду, кабыл алына элек. Ал кабыл алынса, жаран тирүү кезинде керээз калтырып, каза болгондон кийин анын сөөгүн же кайсы бир органын ооруган адамга трансплантация кылуу үчүн калтырып кете алат. Ошондой эле көз жумгандан кийин сөөгүн же органын медициналык окуу жайдагы студенттер таанышып-үйрөнүшү үчүн илимий-изилдөө борборлоруна же ооруканаларга тапшырууга уруксат бере алат. Ал керээз каты өз каалоосу менен жазылып, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек. Кийин ал бул керээзинен баш тартса да болот. Мындан тышкары маркумдун сөөгүн же органын анын туугандары трансплантация же илимий максатта колдонуу үчүн бере алат.  

Ошондой эле тирүү адамга операция жасалып, кайсы бир органы кесип алынса жана аны 10 күн ичинде бейтап же жакыны алып кетпесе, ал илимий-изилдөө борборлоруна же ооруканаларга өткөрүп берилет деген норма сунушталууда. Мындай учурда бейтаптан уруксат суралбайт. Андан тышкары каза болгон адамдын жакындары табылбай, анын сөөгүн туугандары 30 күн ичинде алып кетпесе, анын сөөгү да аталган мекемелерге тапшырылат. Бул боюнча чечимди өлүккананын жетекчиси түзгөн үч кишиден турган комиссия кабыл алат. 

Министрлик белгилегендей, азыр студенттер окуп жатканда, адамдын, анын органдарынын макеттери менен иштейт. Бирок ал макет адамдын, анын ички органдарынын түзүлүшүн толук бере албайт. Эгер студенттер чыныгы органдар менен иштесе, теориялык гана эмес, иш жүзүндө операция жасап үйрөнмөк. Учурда алар биринчи операциясын окууну аяктагандан кийин тирүү бейтаптарга жасай баштайт. Министрлик аталган сунушка уруксат берилсе, медициналык жардамдын сапаты артып, дарыгерлер кетирген катарлар азаят деген пикирде. 


Тектеш материалды окуу