Akchabarsearch
Тонировкага уруксаттын баасы бардык унаалар үчүн бирдей болот

Жарыяланган

2026-13-11, 10:27

Тонировкага уруксаттын баасы бардык унаалар үчүн бирдей болот

Мындан ары электр унаалар менен кадимки май менен жүргөн унааларга тонировкага уруксаттын баасы бирдей болот. Бул тууралуу Унааларды каттоо боюнча мамлекеттик борбор билдирди.

Мындай чечим Конституциялык соттун 10-ноябрдагы чечимине ылайык кабыл алынган. Конституциялык сот электр ток менен жана май менен жүргөн унааларга тонировкага уруксат үчүн эки башка баа коюу Конституциянын 24-беренесинин 1 жана 2-пункттарына каршы келет деген чечим чыгарган.

Маселен унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат кагаздын баасы кадимки унаа ээлерине (жарандарга) - 50 миң сом, юридикалык жактарга — 70 миң сом жана резиденттер эмес үчүн — 90 миң сом деп каралган.

Ал эми электр унаа ээлерине (жарандарга) — 30 миң сом, юридикалык жактарга — 50 миң сом жана резидент эместер үчүн — 70 миң сом деп белгиленген. Эми электр унаалар үчүн да уруксаттын баасы 50 миң, 70 миң жана 90 миң сом болот.      

Белгилей кетсек, азыр тонировкага уруксаттын баасы арзандатылып, акция өткөрүлүүдө. Ал 5-декабрга чейин уланат.

Акциянын алкаганда электр унааларга уруксат 20 миң сом деп каралган. Эми алар үчүн баа берки унаалардай эле 25 миң сом болот. 


Тектеш материалды окуу