
Жарыяланган
2026-13-11, 10:26Майлуу-Суу шаарынын мэриясы шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дизель менен жүрүүчү автобустарды сатып алууга 18 млн 974 миң 480 сом бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Тиешелүү тендер 11-ноябрда жарыяланган. Ага катышууну каалаган компаниялар 17-ноябрга чейин сунуштарын бериши керек.
Тендердин шартына ылайык, автобустар жаңы, мурда колдонулбаган болушу зарыл. Алар келишим түзүлгөндөн кийин 60 календардык күндүн ичинде Майлуу-Суу шаарына жеткирилиши керек.
Сатып алуу баасына автобустарды жеткирүү, бажы төлөмдөрү, салыктар, каттоо жана бир жылдык камсыздандыруу чыгымдары кирет.
Ошондой эле жеткирүүчү компания автобустарга кеминде эки жыл кепилдик берип, мэриянын кызматкерлерин аларды колдонууга акысыз үйрөтүүгө милдеттүү.
Төлөм автобустар толук кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт.



