Akchabarsearch
Тендер: Улуттук госпиталь 16.1 млн сомго медициналык жабдууларды сатып алат

Жарыяланган

2026-10-11, 09:45

Тендер: Улуттук госпиталь 16.1 млн сомго медициналык жабдууларды сатып алат

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталь 16 млн 110 миң сомго медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, каражат оорукананын ар кандай бөлүмдөрүнө керектүү медициналык жабдууларды алууга жумшалат. Алардын арасында ооруларды аныктоого, текшерүүгө, дарылоого жана медициналык шаймандарды стерилдөөгө арналган жабдуулар бар.

Тендерге катышууну каалагандар сунуштарын 12-ноябрга чейин бере алышат.

Тендердин шарттарына ылайык, жеңүүчү компания келишим түзүлгөндөн кийин 15 күндүн ичинде жабдууларды жеткирип, орнотуп бериши керек. Ошондой эле кызматкерлерге аларды колдонууну үйрөтүүгө милдеттүү.

Жабдууларга эки жылдык кепилдик берилет. Төлөм товарлар толук кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт.


Тектеш материалды окуу