
Жарыяланган
2025-16-01, 16:12Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү Tegen маркеттер тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анын негизги темасы Өзбекстандын рыногунда кыргыз продукциясынын ассортиментин кеңейтүү болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары, анын ичинде жашылчалар, мөмө-жемиштер, сүт азыктары, ичүүчү суу, ошондой эле "Татымал Групп" компаниясынын уникалдуу татымалдары жана чөптөрү тартууланды.
Тараптар долбоорду ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдарды, анын ичинде логистиканы эске алуу менен деталдуу коммерциялык сунуштарды талкуулашты. Кыргызстандын продукциясын Өзбекстанга экспорттоо үчүн жаңы перспективаларды ачкан түз жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө көп көңүл бурулду.
Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү ата мекендик өндүрүүчүлөргө өз товарларын коңшу өлкөнүн рыногуна жылдыруу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Кошумчалай кетсек, Tegen Өзбекстандагы жогорку сапаттагы тамак-аш азыктары менен белгилүү болгон алдыңкы дүкөндөрдүн бири.



