
Жарыяланган
2026-16-06, 10:40Быйыл төрт айда Өзбекстан Кыргызстанга 1.4 миң тонна пияз экспорттоду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.
Маалым болгондой, быйыл январь-апрель айларында Өзбекстан чет жакка 5.8 млн долларга 26.2 мин тонна пияз саткан. Жалпы 11 өлкөгө экспорт жасалган.
Кыргызстан Өзбекстан пиязды көп экспорттогон өлкөлөрдүн катарына кирген:
Түркмөнстан – 8.7 миң тонна;
Россия – 8.4 миң тонна;
Ирак – 5.3 миң тонна;
Иран – 2.2 миң тонна;
Кыргызстан - 1.4 миң тонна;
Башка өлкөлөр – 260.4 тонна.



