Akchabarsearch
    VI Көчмөндөр оюндарынын ачылуу жана жабылуу аземи Бишкектеги жаңы стадиондо өтөт

    Жарыяланган

    2025-24-07, 12:21

    VI Көчмөндөр оюндарынын ачылуу жана жабылуу аземи Бишкектеги жаңы стадиондо өтөт

    VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу жана жабылуу аземи Бишкектеги жаңы стадиондо өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

    Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жалпы улуттук майрам экенин айткан Байсалов анын ачылыш аземин жаңы стадиондо 50 миң адам көрө ала турганын белгиледи. 

    Байсалов келерки Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө канча каражат кете турганы тактала элек экенин, бирок мурдагыдан көбүрөөк каражат сарптала турган айтты. 

    Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору. Ал алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда 2016 жана 2018-жылы уюштурулган. Андаң соң Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган Оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл кечигип, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң Түркия Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Казакстанга берген. V Көчмөндөр оюндары былтыр Астанада өткөн. 


    Тектеш материалды окуу