Жарыяланган
2025-16-01, 13:50Ысык-Көл облусундагы "Отель Евразия" ишканасына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашкан жер тилкеси мамлекеттин карамагына өттү. Бул УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын баасы 729 миллион 682 миң сомго бааланган.
Белгиленгендей, атайын кызмат Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан "Бермет" мамлекеттик пансионатынын (азыркы "Отель Евразия" эс алуу борбору) жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз жол менен өткөрүүгө байланышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.