Akchabarsearch
    УКМК "Барон" баштаган төрт кишини кармады
    arrow right
    arrow right

    Жарыяланган

    2025-27-06, 10:24

    УКМК "Барон" баштаган төрт кишини кармады

    Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча "Барон" каймана аты бар адам баштаган төрт киши кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.  

    Маалыматка ылайык, цыгандардын үй-бүлө башчысы, "Барон" каймана аты менен белгилүү Д.Л.К. жана анын туугандары уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп шектелүүдө. 

    Ал Чүйдөн Казакстан менен Россияга баңгизат ташуу менен алектенген. Түшкөн кирешени жашыруу үчүн Германиядан жана АКШдан унааларды ташып келип, сатуу аркылуу "адалдандырган". 

    Шектүү катары «Барон» каймана аты Д.Л.К., Д. Р. Е., К.Я.К. жана Д.К.Ю. кармалды.


    Тектеш материалды окуу