Жарыяланган
2025-27-06, 13:20Жер мунапысына катышуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу 1-июлда токтойт. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Агенттик жер мунапсы бир жолу өткөрүлө турганын, мындан улам убактысы өтүп кеткенге чейин жер тилкесине болгон укуктарын мыйзамдаштырууну каалаган жарандарды жергиликтүү бийликтин, мэриянын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссияларга кайрылышы керектигин эскертет.
Бул программа башталгандан бери быйылкы жылдын 20-июнуна карата 170 миң 766 жарандан арыз түшкөн. Алардын ичинен жерди ээсинин атына каттоо үчүн 76 миң 643 чечим чыгарылган.
Азыркы тапта агенттик тарабынан жер тилкеге жеке менчик укугу тууралуу 64 миң 820 мамлекеттик акт, 43 миң 278 техникалык паспорт берилген.