Жарыяланган
2025-27-06, 15:00Кыргыз-Россия Славян университетинин жаңы кампусу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын жанында салынат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда окуу жайдын башкаруучу кеңешинин жыйынында айтылды.
Планга ылайык, жаңы кампус резиденциянын жанында 30 гектар жерге салынат. Ал жерде окуу имараттары, илимий борбор, жатакана курулуп, студенттер менен мугалимдер үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.
Эскерте кетсек, 26-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев КРСУнун камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп шайланган.