Akchabarsearch
УКМК мыйзамсыз ташылып келген дарыларды саткан 10 дарыкананы аныктады

Жарыяланган

2025-16-09, 14:39

УКМК мыйзамсыз ташылып келген дарыларды саткан 10 дарыкананы аныктады

Кыргызстанга дары-дармектер мыйзамсыз ташылып келип, өлкөдөгү дарыканаларда сатылып жүргөн. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 11-сентябрда Бишкекте жайгашкан кампада тинтүү жүргүзүлүп, ал жактан Европа жана КМШ өлкөлөрүнөн ташылып келген дарылар табылган. Аталган кампа уруксат кагаздары жок иштеп жатканы аныкталган. 

Бул кампадагы дарылар Ош шаары жана облусундагы, Ысык-Көлдөгү жана Жалал-Абад шаарындагы дарыканаларга жеткирилип, сатылып келген. Кампадан келген дарыларды саткан 10 дарыкана эшигине мөөр басылып, жабылды. 

Мызайм бузуу фактыларын тастыктоо үчүн башында ал дарыканаларда контролдук сатып алуу жүргүзүлүп, алар аткезчилик жол менен алынып келген дарыларды уруксат кагаздары жок сатып жатканы ырасталган. 

Ал дарыканалардан дарыгердин көрсөтмөсү жок, рецептсиз сатылган күчтүү таасир эткен жана психотроптук дары-дармектер табылып алынган. Мындай дарыларды рецетсиз сатуу мыйзам бузуу болуп саналат. 

Дарыларды мыйзамсыз ташып келүүнү уюштурган деп 52 жаштагы аял (Б.Г.) кармалып, тергөө абагына камакка алынды. 

УКМК аталган схемага бөгөт коюлганын билдирди. 


Тектеш материалды окуу