Akchabarsearch
УКМК Өзгөн райондук милициянын тергөөчүсүн пара алууга шектеп кармады

Жарыяланган

2025-16-09, 15:21

УКМК Өзгөн райондук милициянын тергөөчүсүн пара алууга шектеп кармады

Ош облусунун Өзгөн райондук милициясынын тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган тергөөчү К.Б. бир жаранды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн анын тууганынан акча опузалаган.

Ал 14-сентябрда 50 миң сом алып жатканда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. 

Аны УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы кармаган.  


Тектеш материалды окуу